Ат-Башыда экс-чиновниктин бири алды делген 162 гектар жер кайтарылды

УКМК Ат-Башыдагы Чар капчыгайында жеке менчикке өтүп кеткен 161 гектар жерди мамлекетке кайтарды.

Имарат, курулуштары менен жердин жалпы баасы 1 миллиард 24 миллион сомду түзөрү айтылды.

УКМК жерди өз алдынча ээлеп алды деп кармалган аткаминер ал жерге конок үйүн, мончо, ресторан салганын кабарлаган.

Атайын кызмат билдиргендей, Исабек Абдыгазиев Нарын облусунун губернаторунун биринчи орун басары болуп иштеп турганда 2007-жылы «Чар» токой чарбасынан 161 гектар жерди бекер пайдаланууга алган. Андан бери бул жерди пайдаланганы үчүн бюджетке бир да сом төлөгөн эмес.

Ал жер кыртышына зыян келтиргендиги үчүн деп мамлекетке 1 млн 175 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөгөн.

10 Сентябрь 2024 жыл 12:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча