Жогорку Кеңештеги “Ата Журт” депутаттык тобунун аталышы “Эл үмүтү Ата Журт” болуп өзгөрдү. Бул тууралуу топтун төрагасы, депутат Дастанбек Жумабеков парламенттин 25-февралдагы отурумунда билдирди.
Топко жаңы мандат алган депутат Таалайбек Сарыбашев кошулганын жарыялады.
“Эл үмүтү Ата Журт” тобунун курамында 18 депутат – Нурлан Азыгалиев, Куванычбек Конгантиев, Камила Талиева, Дастанбек Жумабеков, Жылдыз Садырбаева, Улан Бакасов, Алишер Козуев, Медербек Алиев, Гүлнара Баатырова, Салтанат Аманова, Дастан Бекешев, Табылды Муратбеков, Гүлай Машрапова, Жылдыз Эгенбердиева, Алтынбек Кылычбаев, Илимбек Кубанычбеков, Бурун Аманова, Таалайбек Сарыбашев бар.