Ажиев кайрадан кармалды

Вебкам иши боюнча соттолуп, президенттин ырайымы менен абактан чыккан Даниэл Ажиев кайра кармалганы, аны милиция кызматкерлери кармап кеткени белгилүү болду.

Маалыматты Ички иштер министрлиги (ИИМ) «Азаттыкка» ырастап, Ажиев Токмокто кармалганын билдирди.

Министрликтин басма сөз кызматы азырынча расмий так маалыматын бере элек.

Мунун алдында эле Ажиевдин абактан тик учак менен чыгып кеткени тартылган тасма социалдык тармактарга тарап, маалыматты 5-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ырастаган.

6 Март 2026 жыл 16:30
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча