Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы 2023-жылкы Азия Кубогунун «F» тайпадагы старттык Таиландка каршы оюнунда ак түстөгү формада ойнойт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Эске салсак, 2023-жылкы Азия Кубогунун «F» квартетиндеги тайпалык Таиланд-Кыргызстан оюну эртең, 16-январда «Абдулла бин Халифа» стадионунда өтөт.
Оюн жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:30да, Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да старт алат.
«Ак шумкарларга» күйөрмандык кылам дегендер үчүн Бишкектеги «Азия Молл» (3-кабат) жана «Дордой Плаза» (1-кабат) соода борборлорунда атайын фан-зоналар уюштурулат.