
Эртең, 16-январда 2023-жылкы футбол боюнча Азия Кубогунун «F» тайпасында Таиланд-Кыргызстан беттеши орун алат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Ушул тапта Катарда өтүп жаткан футбол боюнча негизги континенталдык турнирдин алкагында «Ак шумкарлар» өз тайпасында кез келчү алгачкы Таиланд командасы өз тарыхында Азия Кубогунда жети жолу ойногон.
Кыргызстан жана Таиланд Улуттук курама командаларынын ортосунда жолдоштук беттеш тарыхта бир гана жолу – 2001-жылы өткөн. Аталган жылдын 30 январында орун алган оюнда атаандаштар өз үйүндө 3-1 эсеби менен биздин курамабызды жеңип алган.
Атаандаштар тууралуу дагы эмнелер белгилүү?
Катардагы Азия биринчилигине даярдыгынын алкагында таиландтыктар Японияга каршы расмий жолдоштук беттеш өткөрүп, анда 5:0 эсеби менен жеңилип калышкан.