Бишкек шаарында 7-8-9-март күндөрү азык-түлүк жана товарлардын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Жарманке саат 09:00дөн кечки саат 19:00гө чейин төмөнкү даректерде өтөт:
Министрлик жарманке ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо үчүн жана айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу максатында уюштурулганын билдирди.