Бүгүн Бишкекте Кыргызстан-Иран футболдук беттешине байланыштуу эки көчө жабылат.
Саат 14:00дөн баштап оюн аяктаганга чейин эки көчөдө унаа кыймылына чектөө киргизилет:
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жолго чыгарда багыттарын алдын ала пландап алууну эскертет.
Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстандын курама командасы 2026-жылдагы Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү тандоо раундунун алкагында Ирандын курамасы менен ойнойт.
Оюн борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00дө башталат.