Бүгүн Бишкектин айрым бөлүгүндө убактылуу суу өчүрүлөт

Бүгүн Бишкектин айрым бөлүгүндө убактылуу суу өчүрүлөт

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 30-апрелде саат 10:00дөн 20:00гө чейин Ахунбаев көчөсү – Ташауз көчөсү – Тыналиев көчөсү – Садырбаев көчөсү менен чектелген аймакта суу берүү токтотулат.

Суу Д-200 мм болгон  суу түтүгүндө авариялык оңдоо иштерин жүргүзүүгө  байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканаларды,  тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

30 Апрель 2026 жыл 11:14
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча