Бүгүн Бишкектин айрым конуштарында суу болбойт

Бүгүн Бишкектин айрым конуштарында убактылуу суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштарында бүгүн, 5-ноябрда тарта саат 9:00дөн 17:00гө чейин суу болбойт.

Суу «Ак-Жар», «Ак-Бата» суу алгычтарындагы жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

5 Ноябрь 2024 жыл 9:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча