Бүгүн Кыргызстанда күн ачык жана жылуу болот

Кыргызстандын аймагында бүгүн, 20-февралда күн ачык болуп, абанын температурасы кескин жогорулайт. Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүндө жылуу аба ырайы күтүлүүдө.

Аймактардагы абанын температурасы:

  • Чүй облусу: +18…+23°C;
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен: +17…+22°C;
  • Талас облусу: +16…+21°C;
  • Ысык-Көл өрөөнү: +6…+11°C;
  • Нарын облусу: 0…+5°C.

Борбор калаа Бишкекте абанын температурасы +21…+23 градуска чейин көтөрүлүп, күн ачык болот. Ал эми Ош шаарында термометрдин көрсөткүчү +18…+20 градуска чейин жетет.

20 Февраль 2026 жыл 9:43
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча