Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы депутат Айгүл Айдарованы фракциядан чыгарды. Мындай чечим “Бүтүн Кыргызстандын” 30-майдагы отурумунда кабыл алынганын фракциянын лидери Исхак Масалиев билдирди.
“Айгүл Айдарова эмгек тартибин бузганы үчүн жана анын пикири фракциянын жалпы саясатына дал келбегендиктен фракциядан чыгардык. Себеби, ал фракциянын көптөгөн жыйналыштарына катышкан эмес. Мыйзамда “депутат фракциянын жыйынына катыша албаса кагаз түрүндө фракция лидерине кабар берүүгө милдеттүү” деп жазылып турат”, — деди ал.
Айгүл Айдарова 2022-жылы январь айында диплом чырынан улам мандатынан ажыраган Орозайым Нарматованын ордуна келген.
“Бүтүн Кыргызстан” фракциясы Жогорку Кеңеште өзүн оппозициялык фракция деп жарыялаган. Жалпы алты квотасы бар. Соттун өкүмүнөн кийин Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мандатынан ажыраткан Адахан Мадумаровдун ордуна башка талапкерге мандат бериле элек.