Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги «2024-2028-жылдарга карата багбанчылыкты өнүктүрүү» программасын жазып чыкты.
Программанын стратегиялык максаты мөмө-жемишти калкка жетиштүү көлөмдө камсыздоо, экспортко чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүү, ички-тышкы атаандаштыкка туруштук берүү болуп саналары айтылган.
Анын алкагында заманбап ыкмаларды колдонууну жайылтууга, питомниктерди өнүктүрүүгө, соода-логистикалык борборлорду, мөмө-жемишти узакка сактоо үчүн кампаларды курууга, муздаткыч орнотууга басым жасалат.
Айтылган жылдар аралыгында багбанчылык жаатында төмөнкүдөй иштерди аткаруу мерчемделген:
14 көчөткана, анын ичинде донорлордун долбоордук каржылоосун пайдаланып, 5 мамлекеттик питомник уюштурулат;
25 кооператив түзүлөт;
42,9 миң гектар какыр жер өздөштүрүлөт;
ушул тармакта 14 кластер түзүлөт;
багбандарга 1 млрд 900 млн сом өлчөмүндө жеңилдетилген кредит берилет;
багбанчылык багытында 2 соода-логистикалык борбор курулат.
Программа менен толук koomtalkuu.gov.kg сайтынан таанышууга болот.