Баласынын жансыз денесин жолдун ортосунда кучактап калды. Кырсыктын чоо-жайы

Кечээ, 1-апрелде соцтармак колдонуучулары видео менен бөлүшүштү. Анда аял кишинин жолдо жаткан баласын кучактап отурганын көрүүгө болот.

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздун камсыздоо башкармалыгынан кырсыктын чоо-жайын айтышты. «1-апрель күнү саат 16:25 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 8-чакырымынан “АЙМЭ” ишканасына караштуу 374 “Бишкек — Кара-Балта” маршруттук каттамында жүргөн Мерседес Бенц 313 үлгүсүндөгү унаасы чыгыштан батышты карай бара жатып түндүктөн түштүктү көздөй жөө өтмөктөн чуркап чыга калган 2015-жылы тулган баланы сүзүп алган.

Жол кырсыктын кесепетинен жөө жүргүнчү каза болуп калган. Азыркы учурда Сокулук РИИБ жана ЖККБнын кызматкерлери тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө», — дешти.

2 Апрель 2024 жыл 10:43
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча