Бишкекте өтүп жаткан грек-рим жана эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионатында балбан Эрназар Акматалиев алтын байгенин ээси болуп, чемпион аталды.
Акматалиев 65 кг салмак ченинде күч сынашып, финалдык беттеште Алибек Осмоновду 9:4 эсебинде жеңип алды.
Эске салсак, мелдеш 8-11-январь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп, ага республикасынын бардык аймактарынан келген спортчулар катыш.
Грек-рим күрөш боюнча төмөнкү салмак категорияларында беттештер өтөт: 55, 60, 63, 67, 72, 77, 82, 87, 97, 130 кг (10-11-январь күндөрү).
Эркин күрөш боюнча: 57, 61, 65, 70, 74, 79, 86, 92, 97, 125 кг (8-9-январь күндөрү).