Балыкчыда «Этно-бала бакча» ачылды

Балыкчы шаарында уникалдуу мектепке чейинки билим берүү мекемеси – «Этно-бала бакчанын» салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага президенттин өкүлү Эмилбек Абдыкадыров, Балыкчы шаарынын активи жана меймандар катышты.

Бул инновациялык долбоор, өсүп келе жаткан муунга кыргыз элинин каада-салтынын, нарк-насилинин жана маданий мурасынын адатында тарбияланууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.

Облус жетекчи Абдыкадыров өз сөзундө улуттук баалуулуктар боюнча түшунуктү жаш кезинен билип таалим тарбия алуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Этно-бала бакчада» тарбиячылар балдарды маданиятыбыз менен сыймыктанууга, мекенчилдикке тарбиялоого жана чыгармачыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган кызыктуу иш-чараларды өткөрүп татыктуу инсандарды тарбиялоого салым кошот деп ишенем», — деди ал.

5 Февраль 2024 жыл 10:17

Тема боюнча