Балыкчыдагы кырсык. Кыздын атасы дооматтардан баш тартты

Балыкчыда унаа сүзүп кетип, жабыркаган кыздын атасы дооматтардан баш тартып арызын кайтарып алды. Бул тууралуу активист Эртай Искаков социалдык тармактарга жазды.

Ал белгилегендей, «Кыргызстанда мыйзам кабыл алынышы керек: эгерде кылмыш коомчулуктун энчисине айланып калса, жабырлануучу арызын кайтарып алып, каршы жазса дагы, иш каралат жана күнөөлүүлөр жоопкерчиликтен кутула албайт».

Эске салсак, жол кырсыгы 2024-жылдын 26-январында болгон. Анда автоунаа 11 жаштагы кызды сүзүп качып кеткен. Унаа Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгына таандык экени такталган.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренеси жана 312-беренеси боюнча иш козголгон.

Кошумчалай кетсек, кырсыктан кийин Балыкчы шаарындагы аймактык тескөөчү, милиция кызматкери рулда ал болгонун айтып, күнөөнү мойнуна аларын билдирген. Бирок жергиликтүү тургундар автоунааны ал эмес, агасы — Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев башкарып баратканын айтып, окуя болгон жерден качып кеткен деп нааразы болушкан.

Балыкчы шаарында жашы жете элек кызды сүзүп кетүү фактысы боюнча шаардык ички иштер бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бектур Осмонбаев кармалып ИИМдин Ички иликтөө кызматына жеткирилген. Тергөө амалдарын жүргүзүү максатында, ал УКМКнын тергөө кызматына өткөрүп берилген.

Ошондой эле бул иш боюнча дагы бир шектүү — Бектур Осмонбаевдин иниси Бекзат Казаков да Караколдогу убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. 

29 Январь 2024 жыл 22:07
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча