
Накталай эмес төлөмдөрдү тез өнүктүрүүнүн алкагында жана карталардын ээлеринин максималдуу саны үчүн накталай акчанын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, MBANK 2023-жылдын 16-октябрынан баштап бардык банкоматтарда Visa жана ЭЛКАРТ карталарын колдонуу менен накталай акча алууларды киргизүүдө.
Бул жаңычылдык банкоматтардагы жүктөмдү азайтып, тейлөөнүн сапатын жакшыртат жана бардык кардарлар үчүн накталай акчанын жеткиликтүүлүгүн жогорулатат. Кошумчалай кетсек, бул чечим Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүүгө жана жайылтууга жардам берет.
Visa карталарына чектөөлөр,
Банкоматтарда:
Күнүнө 100 000 сомго чейин — акысыз;
100 000 сомдон жогору — алуу суммасынан 1%.
Банктын бөлүмүндө:
Күнүнө 100 000 сомго чейин — алуу суммасынан 0,2%;
100 000 сомдон жогору — акысыз.
ЭЛКАРТ карталарына чектөөлөр:
Банкоматтарда:
Күнүнө 100 000 сомго чейин — акысыз;
Күнүнө 100 000 сомдон жогору банкоматтардан накталай акча алуу мүмкүн эмес.
Банктын бөлүмүндө:
Күнүнө 100 000 сомго чейин — алуу суммасынан 0,2%.
Күнүнө 100 000 сомдон жогору филиалдарда накталай акча алуу мүмкүн эмес.
Сатып алуу жана төлөм процессин жеңилдетүү жана тездетүү үчүн кардарларыбызды MBANK тиркемеси, QR төлөм жана POS терминалдары аркылуу накталай эмес төлөмдөрдү колдонууга чакырабыз. Накталай эмес төлөмдөр сиздин убактыңызды гана үнөмдөп тим болбостон, өнөктөштөрүбүз менен QR аркылуу сатып алууларды төлөп жатканда коопсуздукту жана кешбэк сыяктуу кошумча артыкчылыктарды да камсыздайт.
MBANK бардык финансылык операцияларда кардарларга ыңгайлуулукту жана ишенимдүүлүктү камсыз кылууга умтулат. Накталай акча алуунун жаңы шарттары бул багыттагы дагы бир кадам.