Бапаев Алай районунун акими болуп дайындалды

Чыңгыз Бапаев Алай районунун акими болуп дайындалды, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

«Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Бапаев Чингиз Арстанбекович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Ош облусунун Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Алай районунун буга чейинки акими Азамат Кожомамбетов берген арызынын негизинде кызматынан бошотулду.

18 Январь 2024 жыл 17:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча