Баш-Кайыңды айылында жаңы бала бакча курулууда

Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында жаңы бала бакчанын курулушу жүрүп жатат.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, 71 миллион сомдук долбоор Турак жай-курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттен каржыланууда.

«Бүгүнкү күндө жумуш дээрлик 70% бүттү. Жалпы аянты 1052 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат 120 балага ылайыкталган жана бардык заманбап шарттар менен жабдылган», — деп белгилешти министрликтен.

18 Сентябрь 2025 жыл 13:43
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча