Батирди алдоо жолу менен сатып жиберишкен: Шектүүлөр кармалды

Чүй облусунда өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылыкка шектелген адамдар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Ысык-Ата райондук милициясына Ш.В. аттуу жаран кайрылып, И.А. аттуу жаранга жана анын шеригине чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

Шектүүлөр алдоо жолу менен жабырлануучунун батирин өз аттарына каттатып, андан соң башка адамдарга сатып жиберишкен.

Көрсөтүлгөн мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында жабырлануучуга 80 миң доллар материалдык зыян келтирилген.

«Алдамчылык» беренеси менен кылмыш ишинин алкагында кылмышка шектүү 1995-жылы туулган И.А. жана 1994-жылы туулган М.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Териштирүү иштери улантылууда.

4 Февраль 2026 жыл 17:18
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча