Баткен менен Кара-Сууда депутаттык шайлоо өтөт

№2 Баткен бир мандаттуу жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Тийиштүү жарлыкка президент кол койду.

Шайлоо 28-апрелде өтөт.

Белгилей кетсек, БШК бул округтан шайланган депутаттар — Искендер Матраимов жана Нурлан Ражабалиевди  22-февралда өз арыздарынын негизинде мандатынан ажыраткан.

5 Март 2024 жыл 8:57

Тема боюнча