Баткенде ата-энеси жок 60 балага 10 миң сомдон берилди

Ыйык орозо айынын урматына Баткенде ата-энесинен ажыраган 60 балага акчалай жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Кайрымдуулук иш-чарасы «Баткен-Ыйман-Нуру» коомдук фонду тарабынан уюштурулуп, ар бир балага 10 миң сомдон берилди.

«Ата-энесинен ажыраган балдарды камкордукка алуу жана аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүү – биздин жалпы милдетибиз. Мындай соопчулук иштери үчүн фонддун жетекчилигине ыраазычылык билдиребиз», – деди президенттин өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков.

«Баткен-Ыйман-Нуру» коомдук фонду 2019-жылдан бери облус аймагындагы тоголок жетим жана жарым жетим балдарга туруктуу негизде ар тараптуу көмөк көрсөтүп келет.

16 Март 2026 жыл 15:33
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча