Баткенде чек арачыларга ооз ачар уюштурулду

Баткен шаарындагы №2022 жана №2053 чек ара аскер бөлүктөрүндө ооз ачар уюштурулду.

Ооз ачар КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан уюштурулду.

Мамлекеттик комиссиядан билдиришкендей, иш-чарада Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Азамат Юсупов үй-бүлө жана мекенди сүйүү, аны көздүн карегиндей сактоо, ар бир жаран мындан ары да мамлекеттин тынчтыгын, коопсуздугун бекемдөөгө милдеттүү экендигине токтолуп, Орозо айында баарына ынтымак, тынчктыкты каалап өттү.

Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Баткен районунун акими, Баткен шаарынын мэри, Аалымдар кеңешинин төрагасы, муфтияттын кызматкерлери жана чек арада кызмат өтөп жаткан жоокерлер катышышты.

23 Март 2025 жыл 11:53
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча