Баткенде милиционер менен журналисттин үй-бүлөсүндө 3 эгиз кыз төрөлдү

Баткенде үч эм — кыздар төрөлдү . Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ымыркайлар күн мурун, 15-майда жарыкка келген. Ымыркайлардын жана апасынын абалы жакшы.

Үч эмдин атасы Жаңыбай Урайым уулу Кадамжай райондук милициясынын “Жаныкул Садиров” атындагы Бүргөндү аймактык милиция бөлүмчөсүнүн жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүсү болуп эмгектенет.

Милициянын кенже лейтенанты, 33 жаштагы Жаңыбай Урайым уулу ички иштер органдарында 2016-жылдан бери кызмат өтөп келет. Жубайы Айзирек Маликова 28 жашта, кесиби журналист.

16 Май 2024 жыл 17:20
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча