Баткенде шахтада эки адам каза тапты

Баткенде шахтадан эки адамдын сөөгү чыгарылып, бир кенчи аман-эсен куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-мартта Баткен районундагы Самаркандек айылындагы “Баткен Мунай» шахтасынан газ чыгып , 3 жаран калып калганы жөнүндө маалымат түшкөн.

Кырсык катталган жерде ӨКМдин Тоодон куткаруу кызматынан 13 куткаруучу куткаруу иштерин аткарышкан. Шахтанын 200 метр тереңдигинен каза болгон эки кенчинин сөөгүн милиция кызматкерлерине, ал эми аман калган бир адамды тез жардам кызматына беришкен.

Ошондой эле иске ууланган 18 кызматкер Баткен райондук ооруканага кайрылышкан. Алардын абалы канааттандырарлык экени айтылды.

9 Март 2026 жыл 8:50
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча