Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда ишкерлерди текшерүүгө убактылуу тыюу салынгандыктан лицензиясы жок иштеп жаткан менчик клиникаларды текшере албай жатышканын билдирди.
Бул тууралуу ал 1-ноябрда Жогорку Кеңеште өлкөнүн 2025-жылга жана 2026-2027-жылдарга республикалык бюджети боюнча парламенттик угуу учурунда суроолорго жооп берип жатып айтты.
“Лицензиясы жок 2080 жеке менчик ишканалар бар. Алар санитардык, гигиеналык талаптарга жооп бербейт. Мен биринчи жолу министр болгондо аларды текшерип чыкканбыз. Айрымдарына айып салып, кээ бирлерин жапмакпыз. Бирок президенттин ишкерлерди текшерүүгө тыюу салган буйругу бар. Ушундан улам Башкы прокуратура мындай текшерүүлөргө уруксат бербейт. Азыр өкмөткө бир ай убакыт бергиле деп кат жазып атабыз. Бир айда текшерип чыгат элек”, — деди министр.