Соцтармакта балбан Бекзат Алмаз уулунун Париждеги Олимпиадада буту шишип, тизесинен суу алдырып жаткан видеосу тарады
Спорт журналисти Тахир Гафуров Бекзат Олимпиадага барганда эле тизеси шишип кеткенин айтып, убакыттын тардыгынан балбанды башка бирөөгө алмаштыруу мүмкүн болбогонун жазган. Мындан улам бир нече күн, күнүнө 2 маал антибиотик сайдырып, тизесинен суу алдырган.
«Антибиотиктен Бекзаттын иммунитети алсырай түштү. Ага карабай балбан башындагы атаандашын жеңди. Жубатуучу беттеште да кытайлык атаандашын 7:4 эсебинде утту. Ал ооруганына карабай чыныгы эрдик көрсөттү», — деп жазган Гафуров.
Балбан Бекзат Алмаз уулу колого бир кадам жетпей калган. Олимпиаданын коло медалы үчүн беттеште ал өзбекстандык балбанга жеңилип калган.