Желатин адалбы же арамбы? Бул суроого Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын халал иштерин өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Марат ажы Кадыкеев жооп берген:
«Дүйнө жүзү боюнча халал рыногунун, ошондой эле халал стандартташтыруу жана сертификация системасынын өсүшү менен желатиндин уруксаты тууралуу суроолор кайрадан күн тартибине чыга баштады.
Себеби бул азык тамак-аш, суусундук, медицина, косметика жана фото тармактарында активдүү колдонулуп келет.
Бирок бардык учуларда колдонулган желатиндин кайсы жол менен алынгандыгы белгисиз болгондуктан, мусулмандардын арасында суроо пайда болот. Адалбы же арамбы?
Желатин – жаныбарлардын ткандарындагы негизги структуралык коллагенден алынган белок: сөөк, тери жана тарамыштар. Ал адатта, уйлардын же чочколордун сөөк ткандарынан жасалат. Балыктан да алынышы мүмкүн. Жаныбарлардан алынган кесектерди кайнатып, чыпкалап, коллагенди бөлүп чыгарышат, ал майдаланып желатинге айланат. Ал ар түрдүү тамак-аштарды коюу, гель жана текстура түзүү үчүн колдонулат.
Желатиндин кандай түрлөрү бар?
Ошондой эле, кээ бир чөп консерванттар, мисалы, гуар жана ксантан резина, ар кандай буюмдардын текстура түзүү үчүн колдонулушу мүмкүн. Атап айтканда, алар тоңдурулган идиштердин, соустардын жана глютенсиз нандын түзүлүшүн сактоого жардам берет.
Алла Таала Ыйык Куранда “Силерге өлүк, кан, чочконун эти жана Аллахтан башкага аталып мууздалган мал, ошондой эле муунтулуп, урулуп, кулап, сүзүлүп өлгөн жана жырткыч айбандар жеген мал арам кылынды” деп айткан (Маида,3). Андыктан ар бир колдонуп жаткан азыгыбызга дыкат маани берип, адал-арам маселесине көңүл бөлүшүбүз зарыл»,-дейт ал.