2-февралдан 8-февралга чейин алдын ала маалымат боюнча, 25 638 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 2 666;
мас абалында унаа башкаруу -359;
унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-166;
жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежесин бузуулар-674;
унааны эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3 728;
авто ээнбаштык -27;
белгиленген ылдамдыктан ашуу- 2 588;
жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 11;
башка жол эрежелерин бузуу фактылары –11 821;
Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 598 унаа айып короого токтотулган.
ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.