Бир аптага карата аба ырайы

Кыргызгидромет борбору 7-январдан 13-январга чейинки аба ырайы тууралуу маалыматты жарыялады.

Бишкек шаары

7-11-январларда жаан-чачын күтүлбөйт. 12-январда түнкүсүн кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан, кар жаайт. 13-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан, кар жаашы мүмкүн.

Чүй облусу

7-11-январларда жаан-чачын күтүлбөйт. 12-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлүүдө. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаашы мүмкүн.

13-январда түнкүсүн жаан-чачын жок. Күндүз айрым жерлерде жаан-чачын жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12- январда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Талас облусу

8-январда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн. Күндүз жана 9-11-январларда жаан-чачын күтүлбөйт. 12-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. 12-январда күндүз жана 13-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 13-январда күндүз айрым жерлерде жаан-чачын жаайт.

Ош облусу

8-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

9-11-январларда жаан-чачын күтүлбөйт. 12-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 13-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан-чачын болушу мүмкүн.

Жалал-Абад облусу

8-январда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 9-11-январларда жаан-чачын күтүлбөйт. 12-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 13-январда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан-чачын жаайт.

Баткен облусу

8-январда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын жок.

9-11-январларда жаан-чачын жаабайт. 12-январда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Күндүз айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт .

13-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан-чачын жаашы күтүлөт.

Ысык-Көл облусу

7-11-январларда жаан-чачын күтүлбөйт. 12-январда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт. 13-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан-чачын жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Нарын облусу

7-11-январларда жаан-чачын күтүлбөйт. 12-январда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. 13-январда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаап, күндүз жаан-чачын жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12- январда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

8 Январь 2024 жыл 9:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча