Бир жумада 17 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Кыргызстандын аймагында 1нен 7-январга чейинки аралыкта 16 миң 195 жол эрежелерин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын (ЖКККББ) басма сөз кызматынан билдиришти.

Акыркы жумада аныкталган бузуулардын ичинен:

  • тиешелүү документи жок унаа башкаруу — 196;
  • мас абалында унаа башкаруу — 208;
  • автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо — 32;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежелерин бузуулар — 754;
  • ТК эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу — 2 080;
  • автоээнбаштык — 7;
  • ылдамдыктан ашырып айдоо — 3 442;
  • жалган мамлекеттик номер менен унаа башкаруу — 4;
  • башка эреже бузуулар — 9 472.

Жол инспекторлору тарабынан 1 091 автоунаа ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу айып короосуна киргизилди.

КР ИИМдин ЖКККББсы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

8 Январь 2024 жыл 17:57
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча