Бир жылда өрт кырсыктарынын саны 16%га өстү

Кыргызстанда бир жылда өрттүн саны 16%га өстү. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде 2023-жылдын 11 айынынын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча 11 айда 3 миң 116 өрт кырсыгы катталып, куткаруучулар кырсыктан 39 адамдын өмүрүн, 13 млрд сомдон ашуун материалдык чыгымды сактап калышты.

«Тилекке каршы өрт кырсыгынан 29 адам көз жумуп, тилсиз жоо 1 млрд сомдон ашуун чыгымды алып келди. Ошентип, 2022-жылга салыштырмалуу өрт кырсыгы 15.9 %га өскөн. Суу кырсыгынан 103 адам (2022-жылы 84 адам) каза болгон», — деди ал.

6 Декабрь 2023 жыл 13:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча