Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, жакынкы үч саат аралыгында, ошондой эле кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болушу мүмкүн.

Батыштан келген ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуу, көчөдөгү көрнөк-жарнактардын, бак-дарактардан, электр чубалгыларынан алыс болуу сунушталат. Табият кубулушунун кырдаалына күбө болсоңуз «112» кызматына билдирүү керек.

Бишкек шаары менен Чүй облусунда 28-мартта ылдамдыгы секундасына 18-26 метрге жеткен катуу шамал катталган. Өзгөчө кырдаал режими киргизилип, Бишкек шаарында шамалдын кесепетинен бир катар адам жабыркап, материалдык зыян 16,7 млн сомду түзгөн.

Ал эми Чүй облусунда катуу шамалдан келтирилген чыгым 23,5 миллион сом болгон.

6 Апрель 2024 жыл 14:20
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча