Бишкек мэри эмне үчүн жол кирени көтөрүү сунушталып жатканын айтты

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаада коомдук транспортто жол кирени накталай төлөгөндөргө жол кирени көтөрүү сунушу боюнча маалымат берди.

Ал Жогорку Кеңештин 9-октябрдагы жыйынында депутат Эмил Токтошевдин суроосуна жооп берип жатып, коомдук транспорттун айдоочулары накталай төлөнгөн жол кирени өздөрүнө алып калып жаткандыктан ушундай демилге көтөрүлгөнүн айтты.

“Биринчиден, накталай эмес төлөмдүн көлөмүн көбөйтөлү деп жатабыз. Акча айдоочулардын сол чөнтөгүнө кетип жаткандыктан накталай төлөм болгондо айдоочуларга план коюлат. Алар планды толтуруш үчүн автобусту катуу айдап атышат. Эл аралык тажрыйбаны карасак деле накталай төлөмдөр 100-200% жогору болот экен. Ошондо эл карта менен төлөй баштайт”, — деди ал.

Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспортто накталай төлөгөндөргө жол кирени 40 сомго чейин көтөрүү сунушун берди.

Ушул тапта автобус жана троллейбуста жол кире “Тулпар” жана банк карталары менен 17 сом, накталай 20 сом, MegaPay сервиси аркылуу 11 сом, менчик автобус жана кичи автобустарда 20 сом. Борбордо жол кире акыркы жолу быйыл январь айында көтөрүлгөн.

9 Октябрь 2024 жыл 12:52
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча