Бишкек мэри шаардык кеңештин отурумунан чыгып кетип калды

Шаардык кеңештин төрагасы Куванычбек Конгантиев Бишкектин аянты кеңейгенине байланыштуу депутаттардын саны 235ге чейин көбөйөрүн айтты. Мындан улам ал жумушта тыныгуу алунуу сунуштаган.

Ал эми мэр Айбек Жунушалиев депутаттарды мыйзам алкагында иштөөгө чакырды.

Мэр “президенттин жарлыгы толугу менен аткарылууга тийиш. Кечээ БШК расмий билдирүү жасаган. Ага карабай бүгүн сессия өтүп жатат, сиз тыныгуу жарыялап, суроо коюп жатасыз… Мэрия бардык 235 депутаттын катышуусундагы отурумду уюштурууга даяр” деп отурумдан чыгып кетти.

Конгантиев калаа башчысынын мындай кадамына таң калып, “түшүнбөй калдым… Кесиптештер, бул мен үчүн жат кадам. Биз сессияны бүтө элекпиз. Маселени саясатташтырбоого чакырам. Көйгөй эмнеде экенин билбейм. Президенттин жарлыгы бар, аны аткаруу керек. Жок эле көйгөйгө баш оорутуп жатабыз деп ойлойм” деди.

29 Февраль 2024 жыл 11:48
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча