Бишкек мэриясы 106 унааны сатыкка койду

Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык менчикте турган унааларды сатуу боюнча ачык аукцион өткөрөт.

Мэриядан билдиришкендей, ачык соода 24-сентябрда саат 10:00дө Чүй проспектиси, 168 дарегинде өтөт. Аукционго жалпы 106 лот коюлат.

Аукционго катышуу үчүн арыздар 18-сентябрга чейин Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгында кабыл алынат.

Катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

  • тандалган лоттун номери көрсөтүлгөн жазуу жүзүндөгү арыз;
  • өздүгүн тастыктаган документ;
  • кепилдик төгүмү төлөнгөнүн ырастаган төлөм документи.

Кепилдик төгүмүнүн өлчөмү лоттун баштапкы баасынын 10 пайызын түзөт.

Кошумча маалыматты 0312 979 195 (ички 4220) телефону аркылуу алууга болот.

17 Сентябрь 2026 жыл 9:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча