Нарындын Ленин көчөсүнө жаңы жол чырактар орнотулду

Нарын шаарындагы Ленин көчөсүнө 8 даана жаңы жол чырак орнотулду. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирет.

Ошондой эле жол жээктерине лотокторду коюу улантылып, тротуарларды иретке келтирүү иштери жүрүп, жолдун кириш-чыгыш бөлүктөрүн асфальттоо иштери жүргүзүлүүдө. 

Мындан тышкары, мектептердин жана бала бакчалардын аймагындагы жөө адамдар өтүүчү тилкелерге жол чийимдери түшүрүлүп, тиешелүү жол белгилери орнотулууда.

Аткарылып жаткан иштердин негизги максаты – жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатып, жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарт түзүү.

16 Сентябрь 2026 жыл 17:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча