Жапаров Корея тарапка визалык режимди жеңилдетүүнү сунуштады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда Кореяга расмий сапарынын алкагында Сеул шаарында Кореянын президенти Ли Чжэ Мён менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Тараптар эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулап, кызматташтыктын келечектүү багыттарын аныкташты жана эки жактуу өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү боюнча конкреттүү кадамдарды белгилешти.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө президент Садыр Жапаров Кыргызстанда биргелешкен медициналык борбор түзүүнү, визалык режимди жеңилдетүү механизмдерин карап чыгууну, кыргыз товарларын Кореянын рынокторуна экспорттоону жана башка маселелерди сунуштады.

16 Сентябрь 2026 жыл 17:20
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча