Демократиялык Конго Республикасындагы Эбола ысытмасынын эпидемиясы мурдагыдай эле күчүндө жана андан ары жайылууда.
Учурда жети провинцияда 7,2 миңге жакын оорулуу катталып, алардын 3,5 миңи өлүм менен аяктады.

БУУнун жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү эл аралык коомчулукту эпидемияны көзөмөлгө алуу үчүн уюмга колдоону күчөтүүгө чакырышты.
«Эпидемия мурдагыдай эле коркунучтуу жана масштабдуу бойдон калууда», — деди БУУнун Эбола менен күрөшүү боюнча улуу координатору Жюльен Харнейс. Анын айтымында, айрым аймактарда жылыштар байкалганы менен, башка жерлерде, өзгөчө Түндүк Киву провинциясында ооругангандардын саны өсүүдө.
Эпидемия өлкөнүн басымдуу бөлүгүн каптады. Ооруга чалдыккан аймактар эки убакыт алкагында жайгашкан, ал эми айрымдарынын ортосунда учуп өтүү эки жарым сааттан ашык убакытты алат.
Адистердин ишин керектүү инфраструктуранын жоктугу жана дарыгерлерге жасалган кол салуулар татаалдаштырууда.
БУУ менен Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү кырдаал жакшыра баштаган биринчи белгилер пайда болгондо да көрүлгөн чараларды бошоңдотууга болбой турганын, оору кайрадан күч алышы мүмкүн экенин эскертишти. Катталган учурлардын саны уюмдун тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч экени белгиленет.
Түшүп жаткан каражаттын жетишсиздиги башкы көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Кошумча каражаттар Эбола менен күрөшүүгө да, болгону 49 пайызга каржыланган кеңири гуманитардык операцияны өткөрүүгө да зарыл.