Баткен облусундагы «Чечме-автожол» өткөрмө пунктундагы окуя териштирилип жатат.
Чек ара кызматынын билдиришинче, 15-сентябрда саат 06:45 чамасында Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүнүн тургуну “Портер” үлгүсүндөгү автоунаа менен 15–20 кап сабиз жүктөп, Кыргызстандын аймагынан Өзбекстандын Сох анклавына өткөрүү максатында өткөрмө пунктуна келген.
«Бажы кызматкерлери тарабынан жүктү өткөрүүгө уруксат берилбегенден кийин, айдоочу автоунаасын Кыргызстандын аймагындагы өткөрмө жайдын дарбазасына туурасынан токтотуп, «өзүм өтпөсөм, эч кимди өткөрбөйм» деген талап койгон. Натыйжада адамдардын жана автоунаалардын өтүүсү болжол менен 15–20 мүнөткө үзгүлтүккө учураган», — деп жазылган маалыматта.
Айдоочу «Чечме-автожол» өткөрмө пунктунун чек ара кызматкерлеринин талабына баш ийбей койгондон кийин Баткен облусу боюнча башкармалыгына маалымат жөнөтүлгөн.
Чек ара кызматы окуянын бардык жагдайларын тактоо максатында кызматтык териштирүү жүрүп жатканын, жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилерин билдирди.
Сох — тажик тектүүлөр жашаган Кыргызстандын аймагындагы Өзбекстанга таандык анклав. Кыргызстандын Баткен жана Кадамжай райондору менен 100 чакырымдай чектешип турат.