Европанын эң улгайган абышка 112 жашында каза болгонун DW билдирет.
Витантонио Ловалло Италиянын түштүгүндөгү Авильяно шаарчасында жашаган. Ал Биринчи дүйнөлүк согуш башталардан бир аз мурда — 1914-жылдын мартында туулган.

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Италия армиясында кызмат өтөп, ММКлардын маалыматына караганда, 1943-1945-жылдары немис туткунунда болгон.

Витантонио Ловалло өмүр бою жүзүм өстүрүп, кой баккан. Анын төрт баласы бар, ал эми жубайы бир катар айлар мурда көз жумган. Авильянонун мэри Джузеппе Мекка социалдык тармактарга Ловаллонун кетиши менен шаар «өз тарыхынын бир бөлүгүн жоготконун» жазды.
Басылма эми Европанын эң кары эркеги 111 жаштагы португалиялык Жоаким Варела болуп калгандыгын жазды. Ошол эле учурда континентте андан улуу 31 аял жашайт. Алардын арасындагы рекордсмен — 117 жаштагы британиялык Этель Катерхэм.