Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун 8 чакырым аралыгы реконструкцияланууда

Өлкө аймагындагы унаа жолдордун абалын жакшыртуу максатында чарбалык иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата Бишкек – Торугарт унаа жолунун 9-чакырымында, Новопокровка айылынын аймагында жолдун асфальт катмары жаңыланып, 1 300 чарчы метр аянтка асфальт төшөлүүдө.

Ушул эле жолдун 12-чакырымында сол тараптагы 1000 чарчы метр чөккөн же көөп чыккан жерлер сыйрып алынууда.

Ошондой эле Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 536-544-чакырымдарынын аралыгы реконструкцияланып жатат.

Ал эми Чоң-Дөбө – Лама унаа жолунун 6,8-8,8 чакырым аралыгында экинчи тилкеге асфальт төшөлүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата жалпысынан 7 200 чарчы метр аянтка асфальт басылды.

24 Апрель 2026 жыл 16:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча