Бишкек – Ош унаа жолуна түшкөн таштар тазаланды

10-майда жааган жамгырдын кесепетинен Бишкек – Ош унаа жолунун 80-124-чакырым аралыгында жолго таш көчкү түшкөн. 

«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, учурда түшкөн таштарды тазалоо жана жолду коопсуз абалда кармоо боюнча ыкчам иштер жүргүзүлдү. 

Иштер “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасына караштуу №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылды. Азыркы тапта бардык унаалар үчүн каттам ачык.

«Тоолуу аймактарда жол жүрүүдө этият болуп, жол кыймылынын эрежелерин так сактоону өтүнөбүз», — деп айтылат маалыматта.

11 Май 2026 жыл 17:36
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча