Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түштү

Бишкек-Ош унаа жолунун 249-чакырымында бир метрге чейин кар көчкү түштү. Бул тууралуу Милициянын жол кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка карагана, кар көчкүгө байланыштуу жол убактылуу жабылып, саат 1:30да ачылды.

Кечээ оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген Сосновка жана Чычкан посттору бүгүн саат 9:30дан тарта иштей баштады.

Азыркы учурда өлкө аймагындагы баардык каттамдар ачык.

2 Февраль 2024 жыл 12:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча