Бишкек-Ош жолу таш көчкүдөн тазаланып, бир тарапка ачылды

Бишкек-Ош жолунун 105-чакырымында жүргөн кыяндан түшкөн таш көчкү тазаланып, жол бир тарапка ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда жолду толук тазалоо иштери жүрүп жатат.

28-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам кыян жүрүп, Бишкек — Ош жолунун 104-105-чакырымында, Төө-Ашуу ашуусуна жетпей жолду майда таш бөгөп калган. Ушундан улам жол убактылуу жабылган.

28 Июнь 2024 жыл 18:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча