Бишкек — Ош жолунда аласалып кеткен унаа өрттөнүп, 2 адам каза болду

Бишкек — Ош жолунда Honda Stepwgn аңга кулап, өрттөнүп кеткен. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматынан кабарлашты.


Ага ылайык, кырсык саат 15:50 чамасында Бишкек — Ош унаа жолунун 303-чакырымында болгон.

«Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу рулга ээ боло албай, жолдун сол жак тарабына аласалып, чуңкурга түшүп кеткен. Унаа толугу менен күйүп, айдоочу менен бир жүргүнчү көз жумган», — деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта окуя болгон жерде жол тескөөчүлөрү жана тийиштүү кызматтар иш жүргүзүүдө.

14 Март 2025 жыл 18:45
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча