Бишкек – Ош жолунда унаалар кагышып, 4 адам каза болду

Бишкек – Ош унаа жолунун 178-чакырымында унаа кырсыгы катталды.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, «Тайота-Альфарт» унаасы каршы тилкеге чыгып, «Мерседес» менен кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен 4 адам жеринде каза болгон, жабыркагандардын саны такталууда.

6 Июнь 2023 жыл 11:38
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча