Бишкекте 1-класстын окуучулары 12-февралдан 17-февралга чейин кошумча каникулга тарайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, окуучулар бир жума эс алып, окуу кайра 19-февралда башталат.
1-класстын окуучулары үчүн кошумча каникулдарды мэриянын билим берүү департаменти бекиткени кошумчаланды.
Ал эми жазгы каникул 21-мартта башталып, 31инде бүтөт. Окуу 1-апрелде башталат.