Бишкекте 1-марттан тарта үч автобустун каттамы өзгөрөт

Бишкекте 1-марттан тарта айрым автобустук каттамдардын кыймылы жарым-жартылай өзгөрөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, өзгөртүүлөр транспорт кызматтарын жакшыртууга, жол жүрүү убактысын кыскартууга жана жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугун жогорулатууга багытталган.

Ошентип, буга чейин Сарбан айылы – Ак-Бата конушу боюнча каттаган №23 маршруттук каттам акыркы аялдамасын өзгөртөт. Ак-Бата конушунун ордуна автобус эми Алтын-Казык конушуна чейин барат. Кошумчалай кетсек, Курманалиев көчөсүндөгү кыймыл Кыргызстан көчөсүндөгү кыймылга алмаштырылып, эми каттам Сарбан айылы – Алтын-Казык конушу боюнча каттайт.

Буга чейин Алтын-Казык конушу– Поле Чудес конушу маршруту боюнча каттап келген №17 каттамдын акыркы аялдамасы алмаштырылат. Алтын-Казык конушунун ордуна автобус эми Красный строитель конушуна чейин барат.

№17Т маршруту №77 деп өзгөртүлдү, себеби жүргүнчүлөр №17 жана №17Т каттамдарынын жүрүү схемаларын алмаштырып жатышат. Мурда №17Т каттамы «Булгаары” заводу – 12-кичирайон» багытында жүргөн. Эми бул каттам Курманалиев көчөсү аркылуу Ак-Бата конушуна чейин узартылып, №77 деген номер менен Ак-Бата конушу – Булгаары заводу – 12-кичирайону жаңы багытында жүрөт.

27 Февраль 2025 жыл 15:24
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча