Бишкекте Ажыбек Баатыр көчөсүндөгү 9 кабаттуу үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлгинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, «Восток Строй Инвест» компаниясы тарабынан курулган бул объекттин маселеси жер тилкесине байланыштуу соттук териштирүүлөрдөн улам 10 жыл бою чечилбей келген. Мындан улам 180 үй-бүлө батирлерин өз атына каттата албай жана коммуналдык кызматтар үчүн кымбат (өнөр жай) тариф менен төлөп келишкен.
Объектти пайдаланууга берүү актысы тапшырылды, эми тургундарга батирлерин толук мыйзамдаштырууга жол ачат. Ал эми жашоочулар коммуналдык кызматтарды калк үчүн белгиленген стандарттык тариф енен төлөй башташат.
Министр Нурдан Орунтаев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 2025-жылдан тарта мындай көйгөйлүү үйлөрдү иретке келтирүү иштери туруктуу жүрүп жатканын белгиледи.